super.kg logo
  Саясат  

Баткен. "Өзүңдү алдатпоонун аракетин көр" аттуу жыйын өткөрүлдү

 

Жакында Метрологиялык көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик инспекциясы  Баткен шаарында “Өзүңдү алдатпоонун аракетин көр” деген темада жыйын өткөрдү. Жыйындын максаты - коомчулукта туура эмес ченөөлөрдүн кесепетинен жабыркаган жарандар мамлекет тарабынан коргоого алынарын калайык-калкка жеткирүү. Метрологиялык көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик инспекциясынын башкы инспектору Т.Жукушевдин айтымында, аймагыбыздагы сатып алууга, сатылып алынган товарлардын салмагын (көлөмүн), текшерүүдөн өткөн ченөө каражаттарын текшерүүнү бардык эле жарандарыбыз биле беришпейт. “Ченөө бирдейлигин камсыз кылуу жөнүндө” КРнын мыйзамы мамлекеттин жана жарандардын укугун ченөөнүн ишенимдүү эмес натыйжаларынын кесепеттеринен коргойт. Ар бир соода жана тейлөө тармагында жарактуулугу жөнүндө күбөлүгү бар, оң ченөө приборлору колдонулууга тийиш. Ал эми таңгакталган товарларда милдеттүү маалыматтардын катарында салмагы, бирдикке баасы жана салмагына жараша наркы милдеттүү түрдө көрсөтүлүүгө тийиш”,- дейт Метрологиялык көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик инспекциясынын башкы инспектору Т.Жукушев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: