super.kg logo

Ош шаарында мечиттерде уурулук жасап жүргөн 23 жаштагы жаран кармалды

 

Ош шаарында мечиттерде уурулук жасап жүргөн 23 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ош ШИИБинин Сулайман-Тоо милиция бөлүмүнүн кызматкерлери Ош облусунун Ноокат районунун 23 жаштагы тургунун уурулукка шектүү катары кармашты. Бул жигит акыркы 4-5 ай аралыгында Ош шаарынын аймагында жайгашкан мечиттерден уурулук жасап, анын сырткы келбети милицияга белгилүү болуп, издөөдө жүргөн.

Учурда анын үстүнөн 11 арыз катталган. Өзүнүн берген көрсөтмөсүнө караганда ал уурулук иштерин ар аптанын жума күндөрү, жума намазы учурунда мечиттерде жасаган.

Кире беришке койгон башкаларга таандык сумка-пакеттерди өз буюму катары алып чыгып кетип жүргөн. Айтуусуна караганда ал «Аль-Бухари», « Сулайман тоо», «Мажүрүм тал» мечиттеринен уурулук жасап турган. Акча, телефондорду алып, өз кызыкчылыгына иштетип, сумка-баштыктардан табылган документтерди. Керексиз буюмдарды Ак-Буура дарыясына ыргытып жиберип жүргөн. Айрым далил буюмдар жанынан чыккан.

15-май күнү Ош шаардык соту тарабынан шектүүнүн баш коргоо чарасы каралып, аны 2 айга камакта калтыруу чечими чыккан.

Анын үстүнөн “уурулук” беренеси менен иш козголгон.

Бул жарандан жабыркагандар болсо 102 же 0701-00-16-74 номерлери аркылуу байланышып коюуну милиция кызматкерлери өтүнөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: