Владимир Путин Бишкекте өтө турган Евразиялык экономикалык форумга катышат
Орусиянын президенти Владимир Путин Бишкекте өтө турган Евразиялык экономикалык форумга катышат. Бул тууралуу орус президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песковдун билдиргенине таянып, орус басылмалары жазып чыгышты."Биз аны да, муну да жокко чыгарбайбыз. Ал кандай болгон күндө да катышат", - деди Песков журналисттердин президент эл аралык форумга түз же онлайн катышабы деген суроосуна жооп берип жатып.
Айта кетсек, буга чейин министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров май айынын соңунда Евразиялык экономикалык форум өткөрүү пландаштырып жатканын билдирген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:11
2025-11-09
23:52
2025-11-07
Рейтинг:
2
2
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















