Бильярдчы Каныбек Сагынбаев “Кремль Кубогу-2013” мелдешинин жарым чейрек финалына чыкты

Кыргызстандык бильярдчы Каныбек Сагынбаев Москвада өтүп жаткан “Кремль Кубогу-2013” мелдешинин жарым чейрек финалына чыкты. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты кечээ, 28-ноябрда билдирди.
Маалыматка ылайык, Каныбек Сагынбаев плей-оффто алгач орусиялык Павел Полынниковду (4:2 эсебинде), андан соң дагы бир орусиялык Денис Смирновду утуп алган (4:1). Бильярдчы жарым чейрек финалга кыргызстандык Ызатбек Раатбековду утуп чыкты (4:0).
Эми чейрек финалга чыгуу үчүн ал орусиялык Леонид Швыряев менен беттешет.
Эске салсак, Дүйнөнүн 3 жолку чемпиону Каныбек Сагынбаев “Кремль Кубогу-2012” мелдешинде финалга чыгып, орусиялык Евгений Сталевге утулган. Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
Real_Madrid95

29.11.2013. 10:30
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Алга Каныбек байке.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.