super.kg logo

Тажикстанда учкучсуз учуучу аппараттарды чыгарган ишкана ачылды

 

Тажикстанда ирандык "Ababil-2" учкучсуз учуучу аппараттарын чыгаруучу ишкана ачылды. Бул тууралуу Ирандын ИРНА кабар агенттиги жазды.

Маалыматка караганда, ишкананын ачылышына Тажикстандын коргоо министри Шерали Мирзо жана Ирандын куралдуу күчтөрүнүн башкы штабынын жетекчиси Мохаммед Бокири катышты.

"Бул ишкана эки мамлекеттин коргонуу жана аскердик багыттагы кызматташтыгын дагы да арттыруу жана өнүктүрүү максатында ачылды", - деп жазылат ИРНА агенттигинин маалыматында.

Ошондой эле Мохаммед Бокири өз сөзүндө "Биз бүгүн ички керектөөлөрөбүздү канааттандыруудан тышкары коопсуздукту жана тынчтыкты сактоо үчүн өз досторубузга жана союздаштарыбызга аскердик техникаларыбызды экспорттой ала турган абалдабыз", - деп баса белгилеген.

Ачылышта Иран тарап Тажикстанга ишкананын символдук ачкычын жана атайын окуу сертфикатын тапшырганы маалым болду. Ал эми тажик тарап бул боюнча азырынча маалымат тарата элек.

Белгилей кетсек, "Ababil-2" учкучсуз учуучу аппараты GPS системасына негизделген жана алдын ала белгиленген маршрут боюнча учууга, кайра өз алдынча кайтып келүүгө жана парашют аркылуу жерге конууга жөндөмдүү. Бул аппараттар негизинен чалгындоо аймактарынан маалымат чогултуу жана сүрөткө тартуу үчүн чыгарылган. Бирок ошол эле учурда абадан белгилүү бир максатты бутага алуу үчүн да колдонсо болот. Аппарат 40 килограммга чейин жардыргыч зат менен жабдылууга жөндөмдүү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: