super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров БАЭнин энергетика жана инфраструктура министри Сухэйл Аль-Мазурэй менен жолугушту

 

Садыр Жапаров Абу-Даби шаарында экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-эмират өкмөт аралык комиссиясынын теңтөрагасы, Бириккен Араб Эмираттарынын энергетика жана инфраструктура министри Сухэйл Аль Мазурэй менен жолугушту. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушууда кыргыз-эмират кызматташтыгынын соода-экономикалык жана инвестициялык чөйрөлөрдө кызматташтыгын активдештирүү боюнча пикир алмашуу болду.

Аны менен катар Кыргызстандагы инвестициялык климатты жакшыртуу жана бул багытта БАЭ тажрыйбасын колдонуу боюнча иш тобунун ишмердүүлүгүн активдештирүү зарылдыгына өзгөчө көңүл бурулду.

Ошондой эле меймандарга тийиштүү шарттарды түзүү менен БАЭден Кыргызстанга туристтерди тартуу боюнча маселелер талкууланды.

Аны менен бирге алдыдагы жогорку деңгээлдеги визиттердин мазмундук бөлүгүн байытуу боюнча даярдык талкууланды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: