super.kg logo
  Саясат  

Депутат Чаткалда алтын казган компаниянын жардыруусунан улам мектептин чатыры ураганын айтты

 

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жанар Акаев Чаткалда алтын казган компаниянын жардыруусунан улам мектептин чатыры ураганын айтты.

“Бардык мектептердеги коопсуздукту карап чыгыш керек. Чаткалдагы алтын казган компания айылдын үстүндө жардырууларды уюштуруп, натыйжада мектептин үстү кулап түштү. ӨКМ эмнеге караган эмес, элдер буга чейин тынбай кайрылып келген экен”, - деди Акаев.

Депутат муну менен катар ушул окуяны текшерип, тийиштүү адамдар жооп берүүсү керектигин айтты.

Эскерте кетсек, Чаткал районунда мектептин чатыры урап, сабакта отурган окуучулар менен мугалими жабыркап ооруканага түшкөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: