super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров Виктор Орбанды Венгриянын премьер-министри болушу менен куттуктады

 

Президент Садыр Жапаров Виктор Орбанды Венгриянын премьер-министри кызматына кайрадан шайланышы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттик аппараттан кабарлашты.

"Сизди Венгриянын премьер-министри болуп кайра шайланышыңыз менен чын дилимден куттуктайм! Бул жооптуу мамлекеттик кызматта сизге зор ийгиликтерди каалайм. Быйыл Кыргызстан менен Венгрия дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгын белгилеп жатат. Кыргыз Республикасы Венгрия менен мамлекеттер аралык мамилелерди стратегиялык өнөктөштүк нугунда чыңдоого умтулат деп ырастайм. Биз бардык чөйрөлөрдө өз ара кызыкчылык туудурган кызматташтыкты мындан ары да кеңейтүүгө кызыкдарбыз", - деп айтылат куттуктоо катында.

Президент Садыр Жапаров Виктор Орбанга чың ден соолук жана бакубаттык, ал эми боордош Венгрия элине тынчтык жана өнүгүү каалаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: