super.kg logo

Эмне болуп жатат? Тажикстан өлкөдө антитеррордук операция жарыялады

 

Тажикстандын Ички иштер министрлиги өлкөдө антитеррордук операцияны жарыялады. Бул тууралуу тажик басылмалары жазды.

Маалыматка ылайык, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү коомдук-саясий кырдаалды дестабилдештирүү максатында Дүйшөмбү-Кулма унаа жолунун Рушан районундагы тилкесин мыйзамсыз түрдө тосушкан.

"Кылмышкерлер эл аралык террористтик уюмдардын колдоосу менен өлкөнүн чегинен тышкары жактан курал-жарактарды жана ок-дарыларды алып, террордук актыларды жана провокацияны уюштуруу үчүн чет элдик жалданмаларды тартышкан", - деп билдирген Тажикстандын ички иштер министрлиги.

Ошол эле учурда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү курал-жарактарды жана ок-дарыларды тапшыруу боюнча укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин талаптарын аткарбай, куралдуу каршылык көрсөткөн. Мындан улам жолдун Рушан районундагы тилкесинде Тажикстандын укук коргоо органдары тарабынан антитеррордук операция башталган.

Кармалгандар же жабыркагандар тууралуу азырынча толук маалымат жок.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: