super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров Казакстандын президентин куттуктап, мамлекеттик ишмердигине ийгилик каалады

 

Өлкө башчы Садыр Жапаров Казакстандын президенти Касым-Жоомарт Токаев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул туурасында бүгүн, 18-майда президенттик администрациясынан билдиришти.

Садыр Жапаров Касым-Жомарт Токаевди туулган күнү менен куттуктап, ага чың ден соолук, бакубатчылык жана мамлекеттик ишмердигине мындан аркы ийгиликтерди каалады.

Президент кыргыз тараптын стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары да бекемдөөгө, Казакстан менен саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды кеңейтүүгө даярдыгын билдирди.

Өз кезегинде казак президенти Садыр Жапаровго куттуктоосу жана жылуу каалоолору үчүн ыраазычылык билдирип, боордош өлкөлөр ортосундагы өз ара кызыкчылык туудурган бардык багыттар боюнча кызматташууну мындан ары да тереңдетүүгө даяр экенин баса белгиледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: