Баткенде мөндүр аралаш жамгыр жаап, сел жүрдү
Баткенде мөндүр аралаш жамгырдан улам сел жүрүп, унаа жолду жууп кетти. Бул туурасында жергиликтүү тургундар билдиришип видео менен бөлүштү.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен бүгүн, 18-майда саат 13:30 чамасында Кадамжай районунда мөндүр аралаш жааган жаандын кесепетинен кокту-колоттордон сел суулары түшкөнүн кабарлады.
"Сел суулары Кадамжай РИИБдин имаратынын жер төлөсүнө жана Өрткө каршы куткаруу бөлүмүнүн участкасын каптады. Тазалоо иштерине 6 куткаруучу тартылып, учурда мотопомпа менен сууну тарттыруу иштери жүргүзүлүп жатат. Кошумча маалымат берилет", - дешет министрликтен.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:50
2025-06-27
Рейтинг:
-1

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.