super.kg logo

"Жүк ташуучу унаалардын айдоочуларынан 50 доллардан алып турган". УКМК "Транс Эксперт" ишканасынын жетекчилерин кармады

 

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети "Транс Эксперт" компаниясынын жетекчисин кармады. Комитеттин басма сөз кызматынан өлкөнүн экономикалык коопсуздугун камсыз кылуу боюнча сотко чейинки өндүрүш иши жүргүзүлүп жаткан. Анын алкагында "Транс Эксперт" ишканасынын жетекчилери И.Б.К. жана М.Э.С. кармалышты.

"Аталган адамдар 2021-жылдын апрель айынан октябрь айына чейинки убакта "Торугарт" көзөмөл-өткөрүү пункту аркылуу Кытайдан келген оор жүк ташуучу унаалардын айдоочуларынан мыйзамсыз түрдө акча каражатын чогултушканы такталды. Мындан тышкары компаниянын жетекчилери ар бир айдоочудан ар бир каттамы үчүн 50 доллардан алып турган. Талапты аткарбагандар жүксүз жана жумушсуз калышарын айтып коркутушканы тергөө иштеринде аныкталды. Ошону менен бирге кармалган адамдар оор жүк ташуучу унаалардын айдоочуларына шарт түзүп берүү шылтоосу менен жалпысынан 150 миң доллар акча каражатын алышкан. Учурда колдонуудагы мыйзамдардын алкагында тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө", - дешти маалымат кызматынан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: