Мектептердин биринде акыркы коңгуроодо чач жасалгалап, спирт ичимдиктерин колдонууга тыюу салынганы айтылды
Акыркы коңгуроо салтанатында кече көйнөктөрүн кийүүгө, чач жасалгалоого, курал-жарак жана спирт ичимдиктерин колдонууга тыюу салынат. Бул тууралуу мектеп директорлорунун биринин буйругу чыккан.Ага ылайык, салтанаттуу иш-чарада пиротехникалык каражаттарды, ок атуучу куралдарды жана учтуу куралдарды, жардыргыч заттарды жана күйүүчү материалдарды колдонууга катуу тыюу салынат.
- Ата-энелерге окуучуларга жеке унаанын ачкычын берүүгө, аларды шаарды аралап, андан ары айдап чыгууга;
- Мектептин аймагында мугалимдерге, ата-энелерге, конокторго жана окуучуларга алкоголдук ичимдиктерди ичүүгө;
- Акыркы коңгуроодо кече көйнөктөрүн кийүүгө, кымбат баалуу зер буюмдарды тагынууга жана кымбат чач жасалгаларды жасатууга катуу тыюу салынат. Бардык бүтүрүүчүлөр иш-чарага мектеп формасы менен (үстү ак, асты кара) келиши керек.
Ошондой эле тарыхый жайларга экскурсияларды өткөрүүгө, жаратылышка чыгууга, кафе-ресторандарга барууга, үйүндө ар кандай кечелерди уюштурууга тыюу салынган.
Салтанаттуу иш-чара аяктагандан кийин бүтүрүүчүлөрдүн өмүрү жана ден соолугу үчүн жоопкерчилик ата-энелерге жүктөлөрү айтылат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:12
2026-02-26
Рейтинг:
2
2
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















