Изделип жаткан 17 жаштагы Адина Асаналиева аман-эсен табылды
Бишкекте 17 жаштагы Адина Асаналиева дайынсыз болуп жакындары жана милиция кызматкерлери тарабынан изделип жаткан. Ленин РИИБдин маалымат кызматынан изделип жаткан өспүрүм аман-эсен табылганын кабарлашты.
Маалым болгондой, 18-майда саат 23:00дө Адина Асаналиева борбор калаадан табылды. Ага профилактикалык түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, учурда бардык жагдайлар такталып жатканын билдиришти мекемеден.
Белгилей кетсек, өспүрүм 16-майда саат 20:30 чамасында Арча-Бешиктеги үйүнөн чыгып кетип, ошол бойдон жүргөн жери белгисиз болуп жаткан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:27
2025-12-20
14:59
2025-12-20
Рейтинг:
-1
-1
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















