Депутат президенттин, министрлер кабинетинин өкүлү "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясын тоготпой жатканын айтты
Жогорку Кеңеште "Ата-Журт Кыргызстан" парламенттик фракциясынын жыйыны өтүп жатат. Анда бир нече мыйзам долбоорлору боюнча талкуу жүрөрү күтүлүүдө.
Жыйын башталып жатканда депутат Айбек Алтынбеков фракция лидери Нурланбек Шакиевге кайрылып президенттин, министрлер кабинетинин өкүлү жыйынга келбегенине нааразы болду.
“Президенттин, министрлер кабинетинин өкүлү жок. Биздин фракциянын жыйынына дайыма келбейт, эмнеге? Биз эң чоң фракция болсок көйгөйлөр көтөрүлөт, маселелер айтылат, тапшырмалар берилет. Бизди тоготпойт, сизди тоготпойт”, - деди Алтынбеков.
Шакиев президенттин, министрлер кабинетинин өкүлү буга чейин катышып жүргөнүн, бүгүн дагы чакырылганын, келе турганын айтты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:52
2025-06-26
13:13
2025-06-26

14:58
2025-06-25

14:29
2025-06-25

Рейтинг:
-2

