super.kg logo

Европа, АКШга Кыргыз жарандарын мыйзамсыз миграцияга жөнөткөн адам кармалды

 

Европа, АКШга Кыргыз жарандарын мыйзамсыз миграцияга жөнөткөн адам кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мигранттарды мыйзамсыз алып келүүнү жана алып чыгууну уюштурган Кыргыз Республикасынын жараны 1986-жылы туулган А.Н. аттуу "Грин Лайт Компани" ЖЧК эл аралык билим берүү борборунун директору аныкталган.
Ошол эле учурда жаран А.Н. Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөгө ишке орноштуруу укугуна уруксаты жок туруп, 10-15 адамдан турган, арасында балдар да болгон Кыргыз Республикасынын жарандарынын тобун чогултуп, алардын Европа жана АКШ өлкөлөрүнө жеткирүү максатында мыйзамсыз Украина аймагы аркылуу Молдованын аймагына жеткирген. Ал Кыргыз жарандарын Молдовада 4-5 айга жакын кармап, чет өлкөлүк жарандар менен тил табышып, бир нече жолу круиздик жана жүк ташуучу кемелер аркылуу АКШга жана Европага жөнөтүүгө аракет кылган.

Натыйжада Молдованын укук коргоо органдары тарабынан Кыргызстандын жарандарына кылмыш иштери козголуп, депортацияланган.

Алдын ала маалыматтар боюнча А.Н. болжол менен 5 миллион сом өлчөмдөгү каражатка ээ болгон. Бул адам 14-майда "Манас" эл аралык аэропортунда кармалган.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 168-бөлүмүнүн 2-беренеси (Мыйзамсыз миграцияны уюштуруу, мигранттарды мыйзамсыз ташып кирүү (ташып чыгуу) менен кылмыш иши козголуп, андан ары тергөө-ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

“Кармалган жарандан же "Грин Лайт Компани" компаниясынын ушул сыяктуу кылмыштарга катышы бар экендигин аныктоо максатында жабыр тарткан жарандардан 102 же 0702 828 028, 0703 558 125 телефон номурларына кайрылууну өтүнөбүз”, - деп айтылат ИИМдин маалыматында.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: