super.kg logo

Индияда аял кызын жалгыз тарбиялоо үчүн өзүн 36 жыл эркекмин деп тааныштырып келген

 

Индияда Петчиаммал аттуу аял 36 жыл бою кызын багуу үчүн айланасындагы адамдардан өзүнүн аял экендигин жашырып келген. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, аял 20 жашында турмушка чыккан. Үйлөнүү той өткөндөн 15 күндөн кийин анын күйөөсү инфаркттан каза болгон. Ал кош бойлуу болуп, кыз төрөгөн. Аял андан кийин турмушка чыккан эмес. Кызын жана өзүн багуу үчүн мейманканаларда, кафелерде, курулушта дагы иштөөгө мажбур болгон. Бирок, аял болгону үчүн ар кандай куугунтукка кабылган.

Ошондон кийин Петчиаммал өзгөрүүнү чечип, чачын кырктырып, эркек кийимин кийип, Мутху аттуу ысымды алган. Анын аял экендигин үй-бүлөсүнөн башка эч ким билген эмес.

Арадан дээрлик 36 жыл өткөндөн кийин ал өзүн ачыкка чыгарууну чечкен. Петчиаммалдын кызы бой жетип, турмушка чыгып, балалуу болуп калган. Мындан ары жашырынуунун кереги жоктугун айтканы менен, ал Мутху бойдон калууну чечкен. Анын айтуусунда ал өзүн дал ушул образда коопсуз сезет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: