super.kg logo

Миллиардер Алишер Усманов жубайы менен ажырашууга арыз берди

 

Орусиялык миллиардер Алишер Усманов 30 жылдан бери чогуу жашап келген жубайы Ирина Винер менен ажырашууга арыз берди. Бул туурасында чет элдик басылмалар соттун материалына таянып жазышты.

Маалыматта Алишер Усманов 73 жаштагы жубайы Ирина Винер-Усманова менен ажырашуу боюнча арызы менен май айында сотко кайрылганы айтылат. "Соттук инстанцияда биргелешип алынган мүлк боюнча эч кандай маселе чечилбей, нике иш жүзүндө бузулган. Мындан улам тараптардын өкүлдөрүнүн сүйлөшүүсү болуп, андан соң жубайларга акыркы чечимди кабыл алуу үчүн эки аптадай убакыт берилди", - деп жазылат.

Жубайлар 1992-жылы баш кошушкан. Бирок балалуу боло алышкан эмес. Алишер Усманов Ирина Винердин биринчи никесиндеги баласын өз уулундай тарбиялаган.

Алишер Усманов 11,5 миллиард доллар байлыгы менен Орусиянын эң бай адамдарынын рейтингинин ондугуна кирет. Эң ири активдеринин арасында "Металлоинвест", "Удокан мыс", "Мегафон", "AliExpress Russia" биргелешкен ишканасы жана "Ackermann Cement" бар. Ал эми жубайы Ирина Винер – көркөм гимнастика боюнча легендарлуу машыктыруучу, ал Олимпиада чемпиондорунун бир нече муунун (анын ичинде Алина Кабаева, Маргарита Мамун, Евгения Канаева) таптаган, Бүткүл орусиялык көркөм гимнастика федерациясынын президенти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: