Унаанын таш-талканы чыккан. Бишкекте кран менен жеңил унаанын катышуусундагы жол кырсыгы катталды





Бишкекте жеңил унаа менен автокрандын катышуусундагы жол кырсыгы катталды. Окуя 20-майга караган түнү Тыналиев көчөсүндө орун алып, көчөдөгү камерага жазылып калган. Видеодон автокран Тыналиев көчөсүнөн бурулуп жатканда жеңил унаа сүзүп кеткенин көрүүгө болот.
Окурмандардын айтымында, БМВ E34 унаасынын айдоочусу аман-эсен. Бирок унаанын таш-талканы чыккан.
Милициянын кайгуул кызматынан жол кырсыгы катталганын тастыктап, толук маалыматты кийинчерээк берерин билдиришти.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.