super.kg logo

"Кош бойлуу экенин жашырып жүргөн". Таласта келин жаңы төрөлгөн ымыркайын талаага көмүп салган

 

Таласта келин жаңы төрөлгөн ымыркайын талаага көмүп салган. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, ымыркайды төрөгөн аял төрт баласы менен ата-энесинин үйүндө жашайт. Беш айлык кош бойлуу кезде элден жашырып, салмак кошконун айтып жүргөн.

Аталган маалыматты Талас ОИИБи тастыктай элек. Бирок SUPER.KG порталына Талас облустук оорукананын гинекология бөлүмүнүн башкы дарыгери Айчүрөк Жумалиева төмөнкүдөй маалымат берди.

"16-майда ооруканага 1983-жылы туулган Э.К. аттуу келин келип түшкөн. Алгач төрөгөндүгү тууралуу маалымат берген эмес, болгону ичим ооруп жатат деген. Дарыгерлер анын жакында эле көз жарганын аныкташкан. Дарыгер баланы кайда экенин биле албагандыктан милицияга кабар беришкен. Бирок милицияга кандай маалымат бергени белгисиз. Учурда аял оорукананын гинекология бөлүмүндө дарыланууда", - деп билдирди.

Дагыгер келиндин учурдагы абалы боюнча толук маалымат берген жок.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: