super.kg logo

Тажикстандагы кырдаал: Каза болгондордун саны алда канча көп экени айтылды

 

Тажикстандагы Тоолуу-Бадахшан автономиялуу облусунун Рушан районундагы антитеррордук операцияда каза болгон 21 адамдын сөөгү жакындарына өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар билдиргенин Радио Озоди басылмасы жазды.

Маалыматка ылайык, каза болгондордун саны 20дан ашканын айткан жергиликтүү тургундар аты-жөндөрүн ачыкка чыгарган эмес. Ошол эле учурда 20дан ашык жарандын каза болгондугу тууралуу маалыматты Тоолуу-Бадахшанда байланыштын жана интернеттин жоктугунан, ошондой эле ММК өкүлдөрүнүн облуска баруусуна тыюу салынгандыктан көз карандысыз булактардан тактоо мүмкүн болгон эмес.

Каза болгондордун айрымдарынын денелеринде ур-токмокко алуу жана кыйноо белгилери байкалган.

Ошондой эле басылма жарадар болгондордун көпчүлүгүн сактап калууга мүмкүн болмок экендигин, бирок бийлик операция болгон жерге эч кимди жакындатпагандыктан айрымдар кан жоготуудан каза болгонун жазды.

Тажикстандын Ички иштер министрлиги 18-майда Рушан районунда “антитеррордук операциянын” жүрүшүндө 8 адам набыт болуп, 11 киши жарадар болгонун кабарлаган. Укук коргоо органы каза болгондорду, жарадар болгондорду жана кармалгандарды "террордук топтун активдүү мүчөлөрү" деп атаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: