super.kg logo

Elite House - 9 жыл бою чын жүрөктөн курабыз!

 

2022-жылдын 20-майында Elite House курулуш компаниясына 9 жыл толду. Бул кыска, бирок көрүнүктүү убакыт ичинде Кыргызстандагы эң мыкты компаниялардын бири болду.

Заманбап дүйнөдө баары тездик менен өзгөрүүдө - табиттер, стилдер, дүйнө таанымы. Бирок биз эң негизги – сапатты, ишенимдүүлүктү жана кардарларга болгон мамилени бекем туу тутуп келе жатабыз. Тажрыйба, билим, такшалган технологиялар жана тейлөө сапаты - биздин ишибиздин өзөгүн түзөт. Жаңы идеяларды ишке ашыруу менен бирге чыныгы архитектуралык шедеврлерди жаратып келебиз!

Компания турак жай жана коммерциялык кыймылсыз мүлктү курууда. Алардын негизги айырмасы - бул сапат, стилдүү архитектура, заманбап инновациялык чечимдер жана эң мыкты локациялар. Бардыгы жашоочулардын ыңгайлуулугу жана бейпилдиги үчүн арналган. Ар күн сайын биз дүйнөнү жакшы жакка өзгөртүп, шаарыбызды көрктөндүрүп келебиз. Биз сыймыктана турган көп нерселерибиз бар жана бул башталышы гана!

Бакыт – батирлүү болуу!

Компания үчүн 9 жыл–бул туруктуулуктун жана жетилгендиктин курагы. Сандар өздөрү айтып тургандай –9 толугу менен жыйынтыкталган долбоор, 2 аяктоо стадиясындагы объект жана 3 объект курулуп жатат. Бизди 3000ден ашуун кыргызстандык үй-бүлө тандады, анын баары EliteHouse үйлөрүндө бактылуу өмүр тарыхын жазууну улантууда. Бул бакыттын пайдубалы, анткени ар бир адам өз үйүндө жашагысы келет!

Туулган күн биздики, белектер сиздики!

Туулган күнүбүздө EliteHouse комплекстеринен каалаган мүлктү сатып алууда 9% арзандатуу алыңыз. Мындан тышкары, сиз 9 ай кошумча бөлүп төлөө мүмкүнчүлүгүн аласыз. Ал эми коммерциялык кыймылсыз мүлктү сатып алууда 9 чарчы метрди БЕЛЕККЕ беребиз. Бул акция 2022-жылдын 31-майына чейин созулат. Бул эле эмес, болгону үч күн – 20-21-22-майда ар бир сатып алуучуга заманбап iPhone13 берилет.

Бардыгы EliteHouse’ту тандайт, сиз дагы ишенимдүү куруучудан эң ыңгайлуу шарттар менен турак жай сатып алууга жетишип калыңыз!

Толук маалымат 0(555) 555-555 телефону же төмөнкү сайтта.

Elite House - 9 жыл бою чын жүрөктөн курабыз!






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: