Башкы прокуратура Бишкекте милиция кызматкерлери пара менен кармалганын билдирди (фото)







Бишкектин Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери пара менен кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
"Бишкек шаарынын Октябрь РИИБнин ШМБ-3 (ГОМ-3) аймактык тескөөчүлөрү: милициянын ага лейтенанты А.У.Э., милициянын лейтенанты А.уулу И. 5000 сом пара алып жаткан жеринен кармалышты.
Тергөөдө аталган милиция кызматкерлери узак убакыттан бери туруктуу негизде О.Г. аттуу жаранды кылмыш жообуна тартабыз деп коркутуп, анын ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирген маалыматтарды таратуу аракети менен опузалап, андан акча алып жүрүшкөндүгү аныкталды", - деп билдиришти Башкы прокуратурадан.
Аталган милиция кызматкерлери Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:50
2025-06-27
Рейтинг:
-1

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.