super.kg logo

Кадамжайдагы жол кырсыгына кабылган оор жүк ташуучу унаа ӨКМга таандык болгон

 

Баткен облусунун Кадамжай районундагы Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасындагы өткөрүү бекетинде болгон жол кырсыгынан каза болгондордун саны сегиз кишиге жетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Ошондой эле жол кырсыгына кабылган Хово үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа министрликке таандык экенин кабарлашты.

Билдирүүгө ылайык, Баткен облусунун Кадамжай районунун Бөжөй айылында жамгырдан улам сегиз үйдү сел каптап, аталган унаа анын кесепеттерин жоюуга Ош шаарынан бара жаткан. Каза болгон сегиз адамдын экөө Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери болгон.

Эскерте кетсек, кечээ, 21-майда Баткен облусундагы өткөрүү пунктунда жүк ташуучу унаа токтой албай топтолгон адамдарды жана унааларды сүзгөн. Саламаттыкты сактоо министрлиги 7 адам каза болгонун дагы бир нече адам жаракат алып ооруканага түшкөнүн кабарлаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: