super.kg logo

Чечме айылындагы үрөй учурган жол кырсыгында каза болгондордун экөө өзбекстандыктар

 

Чечме айылындагы үрөй учурган жол кырсыгында каза болгондордун экөө өзбекстандыктар. Бул тууралуу Баткен облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Кадамжай районунун Бирлик айыл аймагынын Чечме айылы Өзбек Республикасынын Сох районунун Чашма айылы менен чектешкен жердеги "Чечме" көзөмөл өткөрүү пунктунда 21-май күнү орун алган кырсыктын себептерин милиция иликтеп жатат.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери Хово-Трал үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаасынын чиркегичине Самсунг үлгүсүндөгү жол сүрүүчү трактор техникасын жүктөп алып, Баткен районунун Бөжөй айылына сел кесепеттерин жоюу үчүн бара жаткан. Белгисиз себептерден автоунаанын ылдамдыгы төмөндөбөстөн айдоочу башкарууну жоготуп койгон. Жыйынтыгында өткөрүү пунктунун тосмолору бузулуп, ошол жерде көзөмөл постто кезек күтүп турган унаалар жана адамдарды оор жүк ташуучу унаа сүзүп кеткен.

Бул кырсыктан автоунаа жараксыз абалга келип, 8 киши каза болгон, алардын бирөөсү өзбекстандык. Ал эми 11 киши денесинен ар кандай жаракат алып жергиликтүү ооруканага кайрылышкан, алардын бирөөсү өзбекстандык.

Ошол эле күнү каза болгондор өлүкканага жеткирилип, аты-жөнү такталып туугандарына өткөрүлүп берилген.

Азыркы күндө жаракат алгандарга соттук медициналык, ал эми жабыркаган унааларга соттук-автотехникалык экспертизалар дайындалып, келтирилген материалдык зыяндардын өлчөмү аныкталып, такталуу иштери Кадамжай РИИБнин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлүп жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -3 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: