Токмокто Toyota Ipsum менен Hyundai Porter сүзүшүп, 1 адам каза болду
Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 69-чакырымында Toyota Ipsum жана Hyundai Porter унаалары сүзүшүп, кырсыктын кесепетинен 1 адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.
Билдирүүгө ылайык, жол кырсыгынан 1974-жылы туулган Т.К. аттуу жаран каза болуп, 4 адам жабыркаган.
Жерине 3 куткаруучу тартылып, каза болгон жаранды унаадан чыгарып ИИМ кызматына өткөрүп беришкен, ал эми жабыркагандар "Тез жардам" кызматы аркылуу Токмок шаардык ооруканасына жеткирилген. Абалдары орто.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:50
2025-06-27
Рейтинг:
-1

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.