"Насыя, алимент төлөбөй качкандар". Издөөдө жүргөн 24 Кыргыз жараны Орусиядан кармалды
Өз өлкөсүндө издөөдө жүргөн 24 кыргызстандык Орусиянын аймагынан кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.
Билдирүүгө ылайык, ар кандай кылмыштарды жана укук бузууларды жасаган деп айыпталып изделип жаткан тергөөдөн жана соттон жашырынып жүргөн адамдарды кармоо боюнча иш-чаралар Орусиянын укук коргоо органдары тарабынан ИИМдин Орусиядагы өкүлчүлүгүндөгү кесиптештери менен биргеликте кылмыштуулукка каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү кызматташтыктын алкагында жүргүзүлгөн.
"Москванын жана Орусиянын башка шаарларынын аймагында Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдары тарабынан бейбаштык, талап-тоноо, уурдоо, алдамчылык, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу, жаза өтөөчү жайлардан качуу, дезертирлик, жол кырсыктарын жасоо, насыя төлөбөгөндүгү, алимент төлөбөгөндүгү үчүн изделип жаткан 24 жарандын жайгашкан жерлери аныкталган", - деп билдиришти ИИМден.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.