super.kg logo

Таласта чек ара аркылуу Казакстанга тамекилерди алып өтүүгө аракет кылган жаран кармалды

 

Таластагы Кыргыз-Казак чек арасындагы өткөрмө пункту аркылуу тамекини аткезчилик жол менен ташып өтүүгө аракет кылган жаран кармалды. УКМКнын чек ара кызматынан жүктүн жалпы баасы 875 миң сомду түзөрүн кабарлашты.

Белгилүү болгондой, 22-майда Кыргыз-Казак мамлекеттик чек арасындагы өткөрмө пункттардын биринен Мерседес-Бенц Спринтер унаасы токтотулуп, текшерүүгө алынган. Анда унаадан тиешелүү уруксат кагаздары жок 90 куту тамеки алынган. Жүктүн жалпы баасы болжол менен 875 миң сомду түзөт. Айдоочу тамекилерди Кыргызстандан Казакстанга алып өтүүгө аракет кылган.

Тиешелүү документтер топтолгондон кийин айдоочу жана алынган жүктөр компетенттүү органдарга тергөө үчүн өткөрүлүп берилди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: