Чаламандын чак түшүндө унаадагы барсетканы уурдаган. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди

Белгилүү болгондой, 9-майда шаар тургуну арыз менен милицияга кайрылган. Анда ошол эле күнү саат 14:50 чамасында Дэу Нексия унаасынан барсеткасын уурдап кеткени кабарланган. Арыздануучу барсеткасында акча жана телефону болгонун, жалпысынан 42 миң сом зыянга учураганын билдирген.
Бул факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине 205-берене менен катталып, сотко чейинки тергөө иштери башталган.
"Тергөө иштеринин жүрүшүндө жогорудагы кылмышка шектелип 1987-жылы туулган Е.С. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Шектүү уурдап алган буюмдарын кайда жашырганын көрсөткөн. Учурда тергөө иштери улантылууда", - дешет маалымат кызматынан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.