super.kg logo

Бишкекте камакка алынган шектүү түндө качып кетти

 

Бишкекте тергөө камагына алынган жаран качып кетти. Учурда аны издеп, табуу боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүп жатканын Чүй ОИИББинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, 24-майга караган түнү Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизүү үчүн жеткирилген 33 жаштагы Амалбек Замирбек уулу унаадан качып кеткен. Ал 23-майда 212-берененин негизинде Аламүдүн РИИБдин кызматкерлери тарабынан кармалган.

Учурда Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгы тарабынан ыкчам издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Башка аймактын ички иштер башкармалыктарына, бөлүмдөрүнө да кабарлама берилди.

Изделип жаткан шектүүнүн белгилери: бою 175-180 сантиметр, арык, чачтары кара, көздөрү күрөң, мурду кырдач.

Кийип жүргөн кийимдери: кара кепка, кара спорттук костюм, көк жынсы, кара кроссовка.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: