"16 судак балыгы". Ысык-Көлдө мыйзамсыз балык уулап жаткан жаран кармалды (фото)



Ысык-Көлдө мыйзамсыз балык уулап жаткан жаран кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 23-майда Ой-Тал айылындагы көл жээгинен Т.В. аттуу жергиликтүү тургун мыйзамсыз балык уулап жаткан жеринен кармалды. Кармалган жарандан 16 даана судак балыгы жана 100 метр узундуктагы "Перемет" кармоочу куралы алынган.
Бул факты Түп РИИБинин маалымат электрондук журналына катталып, юридикалык баа берүү үчүн материалдар райондук милициянын тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.
Мындан тышкары, келтирилген зыяндын көлөмүн аныктоо максатында мамлекеттик экотехинспекциянын Каракол шаары, Түп, Ак-Суу, Жети-Өгүз райондору боюнча башкармалыгына тиешелүү материалдар жөнөтүлдү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.