super.kg logo

Бишкекте "Хан" каймана аттуу пакистандык жаран баңгизат сатууга шектелип кармалды (фото)

 

Милиция кызматкерлери баңгизат ташууга шектүүлөрдү кармады. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 11-майда саат 21:00 чамасында Лебединовка айылынын Жеңиш проспектиси менен Восточный көчөсүнүн кесилишиндеги май куюучу жайда 1986-жылы туулган Х.О. аттуу жарандын башкаруусунда Kia Morning үлгүсүндүгү унаасы токтотулган. Тинтүү учурунда Х.О. өз ыктыяры менен шымынын чөнтөгүнөн 0,90 грамм салмактагы "марихуана" баңгизатын берген.

Мындан тышкары, бул унаанын ичинде О.П., Ж.А., К.К. аттуу жарандар болгон. Унаанын ичин кароодо, арткы отургучта желим баштыкчага салынып, скотч менен оролгон 953,69 грамм салмактагы "гашиш" баңгизаты аныкталган.

"Унаадагы 3 жүргүнчү милиция бөлүмүнө жеткирилген. Андан аркы тергөө-ыкчам иш-чараларды жүргүзүүдө Ж.А. аттуу жарандын уюлдук телефону текшерилип, анын жүрүшүндө Бишкек шаарынын аймагында синтетикалык баңгизаттарды сатуу менен алектенген “Хан” каймана аттуу Пакистандын жараны менен WhatsApp аркылуу кат алышуулар аныкталган. Жыйынтыгында Асанбай кичи районунда 1990-жылы туулган “Хан” каймана аттуу Пакистандын жараны кармалган. Ал кармалып, тергөө кызматына өткөрүлүп берилди. Азыркы учурда тергөө иш-чаралары улантылууда", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: