Курманбек Дыйканбаев: “Каржы министрлигинде иштегендердин айлыгы 15 миң сом, ИИМде 4 миң сом”
“Республика” фракциясынын 29-ноябрдагы жыйынында депутат Курманбек Дыйканбаев министрликте иштегендердин айлыгын теңдөө зарыл экенин айтты. “Каржы министрлигинде иштегендер 15 миң сом алса, Ички иштер министрлигинин кызматкерлери 4 миң сом алат”,- деди депутат. Муну ички иштер министринин орун басары Бактыбек Жусубалиев моюнга алды. “Биздин айлык башка органдарга салыштырмалуу 3 эсеге аз. Мисалы, Коргоо министрлиги, УКМК органдарына салыштырсак болот. Милициянын абалы болсо белгилүү, кайсы жерде чыр чыкса милиция жетип барат. Айлыктарды теңдөө зарыл”,- деди Жусубалиев.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:51
2025-07-07

17:54
2025-07-07

Рейтинг:
0

