super.kg logo

Эдил Байсалов дарыгерлик ишин улантып жаткан белгилүү хирург Эрнст Акрамовго ыраазычылык билдирди

 

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Чүй облустук бириккен ооруканасына барып, дарыгерлер менен баарлашуу өткөрдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Эдил Байсалов алгач Чүй облустук ооруканасынын хирургия бөлүмүнүн башчысы, профессор Эрнст Акрамов менен жолугушту. Маектешүүдө ал көрүнүктүү хирургдун ден соолугун сурап, дарыгерлик ишин улантуу менен жаш кесиптештерине бай тажрыйбасын бөлүшүп жаткандыгына ыраазычылыгын билдирди.

Андан соң хирургия, терапия жана балдар бөлүмдөрүн карап чыгып, медицина кызматкерлеринин көйгөйлөрүн укту. Анда башкы дарыгер Алмаз Назарбек уулу 1956-жылы курулган оорукананын имаратын капиталдык оңдоодон өткөрүү зарылдыгын белгиледи.

Эдил Байсалов өлкөдөгү бир катар ооруканалар заманбап талаптарга жооп бербеген эски имараттарда жайгашканын, буга байланыштуу министрлер кабинети жаңы клиникаларды куруу боюнча бир катар долбоорлордун үстүндө иштеп жатканын айтты. Ошондой эле жаңы курула турган мекемелерде кызматкерлердин иштөөсү жана бейтаптарды дарылоо үчүн бардык шарттар түзүлөрүн баса белгиледи.

Өз кезегинде оорукананын жамааты талыкпай эмгектенип жатышканын белгилеп, жакында көтөрүлгөн эмгек акы үчүн өлкө башчысы Садыр Жапаровго ыраазычылык билдиришти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: