Нарында үйүнөн чыгып кеткен 51 жаштагы киши дарыядан изделүүдө
Нарында 8 күн мурда үйүнөн чыгып кеткен 51 жаштагы киши дарыядан изделүүдө. Дайынсыз болуп жаткан жарандын жакындары куткаруучуларга кайрылып, издөө иштерин суу жээктен жүргүзүүнү өтүнүшкөн. Бул туурасында бүгүн, 24-майда ӨКМнын маалымат кызматынан кабарлашты.
Белгилүү болгондой, 51 жаштагы Ы.Б. аттуу эркек адамдын жакындары куткаруучуларга кайрылышкан. Алар изделип жаткан жакыны 16-май күнү үйүнөн чыгып кеткен бойдон үйүнө кайрылып келбегенин билдиришкен.
Бүгүн, 24-майда дайынсыз жоголгон адамдын туугандары куткаруучуларга издөө иштерин Нарын дарыясында жүргүзүүнү суранышкан. Издөө иштерине 3 куткаруучу тартылды. Азырынча жыйынтык болбогонун белгилешти мекемеден.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:35
2026-02-27
16:40
2026-02-27
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















