Молдованын экс-президенти мамлекетке чыккынчылык кылган деп камакка алынды

Маалыматка ылайык, Молдованын мурдагы президенти Игорь Додон 72 саатка камакка алынган.
Жалпыга маалымдоо каражаттарындагы маалыматка караганда, учурда анын үйүндө, Садова айылындагы ата-энесинин үйүндө жана Калараси аймагындагы Додондун башка объектилеринде тинтүү иштери жүрүп жатат.
Ал эми Молдованын Башкы прокуратурасынын басма сөз катчысы Марианна Керпек РИА Новостиге комментарий берип жатып, экс-президенттин кармалышы боюнча маалымат каражаттары тараткан маалыматты тастыктаган эмес.
Буга чейин Молдованын экс-президенти Игорь Додон пассивдүү коррупция, мыйзамсыз баюу, ошондой эле мекенине чыккынчылык кылган деп шектелип жатканы белгилүү болгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.