super.kg logo

"Акча түшкөн карточкалардын баарын алып". Казакстанда эне чырактай 5 баласын таштап кетти

 

Казакстандын Кызылорда облусунун Сырдарыя районунда эки айга жакын убакыттан бери 5 жаш бала апасы таштап кеткендигине байланыштуу тамак-ашсыз калышты. Бул тууралуу Казакстандын жергиликтүү басылмалары жазышты.

Маалыматка ылайык, аял балдарды атасына таштап, облус борборуна жакшы жашоо издеп кеткен. Ошол эле учурда ал балдардын жөлөк пулун жана 10 жаштагы уулунун майыптыгы боюнча пенсиясын алган бардык карталарын тартып алган.

Жергиликтүү басылманын жазганына караганда, балдарын таштап кеткен эне спирт ичимдигине берилип кеткен.

"Беш баламдын апасы жөнүндө минтип айтуу оңой эмес, бирок бул чындык, дээрлик бир жыл бою ал аябай өзгөрүп, ичип, тамеки чегип, үйгө токтобой калган. Ошол эле учурда ал өзү менен чогуу балдарыбыздын майыптыгы үчүн акча түшө турган бардык банк картаны алып кеткен. Бул болжол менен 200 миң теңге. Ал буга чейин 10 күн жок болуп, кайра келип үйдө эки күн жатып, кайра качып кетти. Андан эки айдан бери кабар жок", - деген балдардын атасы.

Балдардын атасы учурда жумушсуз экенин, бардык убактысы бала кароого кетип жатканын билдирген.

Өз кезегинде райондук билим берүү бөлүмү эненин ата-энелик укугун чектөө боюнча райондук акимчиликтин алдындагы өспүрүмдөр иштери боюнча комиссияга сунуш киргизгенин билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: