Денис Лебедев жана Гильермо Жонс беттешинин реваншын өткөрүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат

27-ноябрда орусиялык промоутер Владимир Хрюнов менен америкалык промоутер Дон Кингдин жолугушуусу орун алды. Бул тууралуу орусиялык басылмалар билдирет.
Анда маалымдалгандай, жолугушуунун жүрүшүндө WBA версиясы боюнча дүйнөнүн экс-чемпиону орусиялык Денис Лебедев менен ушул эле версия боюнча учурдагы чемпион панамалык Гильермо Жонстун ортосунда экинчи беттешти уюштуруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү. Орусиялык тарап реванш тууралуу макулдашуу жакын арада ишке ашарынан ишеними зор.
Эске салсак, бул эки мушкердин ортосундагы алгачкы беттеш үстүбүздөгү жылдын май айында болгон. Беттештин 11-раундунда канга боёлгон орусиялык мушкер дарыгерлердин кеңеши менен беттешти токтотуп, техникалык нокаут менен жеңилүүгө мажбур болгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
osh93

01.12.2013. 04:00
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
женилген курошко тойбойт деген ушу да
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.