super.kg logo

Өзбекстандык ырчы Наргиз Закирова Москвадагы аэропорттон кармалды

 

Орусияга бара жаткан өзбекстандык ырчы Наргиз Закирова Москвадагы аэропорттон кармалып, артка кайтарылды. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, 51 жаштагы ырчы Ташкенттен Москвага учуп барган. Милиция аны "Домодедово" аба майданынан кармап, өлкөгө кирүүсүнө уруксат берген эмес.

"Бийликтин көрсөтмөсү менен Закирова мекенине (Өзбекстанга) депортацияланат", - деп айтылат андагы маалыматта. Бирок мунун себеби айтылган эмес.

Белгилей кетсек, Наргиз Закирова 2013-жылы Орусиянын "Голос" теле сынагында 2-орунду ээлеген. Ырчы айым АКШнын жарандыгын да алганы белгилүү. Буга чейин ал 2017-жылы Крымдагы концертинен улам Украинанын "кара тизмесине" алынып, аталган өлкөгө кирүүсүнө толугу менен тыюу салынган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: