super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров менен Касым-Жомарт Токаев тар чөйрөдө сүйлөштү. Анда эмнелер талкууланды? (сүрөт)

 

Бүгүн, 26-майда өлкө башчы Садыр Жапаров менен Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин тар чөйрөдөгү жолугушуусу болуп өттү.

Президенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, жолугушууда өлкө лидерлери кыргыз-казак эки тараптуу кызматташтыгынын бир катар актуалдуу маселелерин, аларды мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты.

Садыр Жапаров Касым-Жомарт Токаевди жана боордош казак элин эки өлкө ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктап, Казакстан менен кызматташууну бекемдөөнү жеке милдети деп эсептей турганын кошумчалады.

"Ал эки өлкөнүн ортосундагы өз ара түшүнүшүүгө жана колдоого негизделген ар тараптуу кызматташуу күндөн-күнгө тереңдеп жатканын канааттануу менен белгиледи. Ошондой эле президент жолугушуу биргелешкен өз ара алаканы өнүктүрүүнүн мындан аркы келечегин аныктоо үчүн жакшы мүмкүнчүлүк түзөрүнө ишеним артты", - деп айтылат маалыматта.

Өз кезегинде президент Касым-Жомарт Токаев, Кыргызстан Казакстандын Кудай кошкон кошунасы жана союздашы, ал эми кыргыз эли эзелтеден казак эли үчүн эң жакын экенин белгиледи. Аны менен катар үстүбүздөгү жылы дипломатиялык мамилелердин орногонунун 30 жылдыгы белгиленип, бул убакыт аралыгында мамлекеттер ортосунда достук мамилелер чыңдалып, саясий диалог, мамлекеттер аралык жана парламенттер аралык байланыштар түзүлгөндүгүн кошумчалады.

Белгилей кетсек, бүгүн эртең менен казак лидери Касым-Жомарт Токаев Кыргызстанга расмий иш сапары менен келген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: