super.kg logo
  Саясат  

Токаевдин Бишкекке келиши: 13 документке кол коюлду

 

Бүгүн, 26-майда өлкө башчы Садыр Жапаров менен Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин тар чөйрөдөгү жолугушуусу болуп өттү. Анда кыргыз-казак биргелешкен өз ара аракеттенүүсүн өнүктүрүүгө багытталган бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, төмөнкү документтерге кол коюлду:

  1. 1996-жылдын 26-августундагы Граждандык жана кылмыш-жазык иштери боюнча өз ара укуктук жардам көрсөтүү жөнүндө Казакстан Республикасы менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы Келишимге өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу протокол;
  2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы чек ара аймактарындагы табигый өрттөрдү алдын алуу жана аларды өчүрүү боюнча келишим;
  3. 2006-жылдын 4-июлундагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Билим берүү жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протокол;
  4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы авиациялык издөө-куткаруу жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуу;
  5. Дипломатиялык мамилелердин орнотулгандыгынын 30 жылдыгына байланыштуу 2022-жылга карата Тышкы иштер министрликтеринин ортосундагы биргелешкен аракеттер планы;
  6. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги менен Казакстан Республикасынын Айыл чарба министрлигинин ортосундагы айыл чарба тармагындагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
  7. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги, Казакстан Республикасынын Соода жана интеграция министрлиги жана «JOINT TECHNOLOGIES» компаниясы ортосунда «Карасу» жана «Ак-Тилек» автожол постторунун аймагында өнөр жай соода-логистикалык комплексинин инфраструктурасын инвестициялоо боюнча меморандум;
  8. Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Аппараты менен Казакстан Республикасынын Жамбыл облусунун Акиматынын ортосундагы кызматташтык жөнүндө меморандум;
  9. Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Аппараты менен Казакстан Республикасынын Түркестан облусунун Акиматынын ортосундагы кызматташтык жөнүндө меморандум;
  10. Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Аппараты менен Казакстан Республикасынын Алматы облусунун Акиматынын ортосунда кызматташуу жөнүндө келишим түзүү ниети жөнүндө протокол;
  11. Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Аппараты менен Казакстан Республикасынын Караганда облусунун Акиматынын ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандум;
  12. Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Аппараты менен Казакстан Республикасынын Актөбө облусунун Акиматынын ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандум;
  13. Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Аппараты менен Казакстан Республикасынын Атырау облусунун Акимиатынын ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандум.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: