super.kg logo
  Спорт  

"Баасы асман чапчыйт". Роман Абрамовичтин "Челси" клубун расмий түрдө америкалык миллиардер сатып алды

 

Орусиялык миллиардер Роман Абрамовичтин "Челси" футболдук клубу расмий түрдө америкалык миллиардер Тодд Боэлиге сатылды. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, америкалык миллиардер лондондук клубду 5 миллиард 300 миллион долларга сатып алган. Англиялык клубдун акцияларын сатуу шарттарын 25-майда Улуу Британиянын өкмөтү бекитип, ал бүтүмдү ишке ашырууга лицензия берген. Бирок “Челсинин” мурдагы кожоюну Роман Абрамович Португалиянын жараны экенин эске алганда, сатууга бул өлкөнүн бийлигинин дагы уруксаты талап кылынган. Ал бейшемби күнү, 26-майда кабыл алынган.

Белгилей кетсек, "Челси" клубуна 2003-жылдан бери орусиялык ишкер Роман Абрамович ээлик кылып келген. Анын тушунда клуб 5 ирет Англия премьер-лигасын, 5 жолу Англия Кубогун, 2 жолу Англия Супер Кубогун, 2 ирет Чемпиондор Лигасын, 2 жолу Европа Лигасын жана 1 жолу УЕФА Супер Кубогун жеңип алган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: