Аргентинанын президенти айып төлөө үчүн насыя алды
Аргентинанын президенти Альберто Фернандес коронавирус чектөөлөрүн бузгандыгы үчүн ага каршы козголгон ишти чечүүгө насыя алды. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазышты.
Маалым болгондой, Аргентинанын башчысына 2021-жылдын июль айында жубайынын туулган күнүн белгилөө учурунда карантин чараларын бузган деген айып тагылган. Анда президент ошол кезде киргизилген карантин эрежелерин бузган. Ал күнөөсүн моюнуна алып, кылган иши үчүн кечирим сураган. Прокуратура президентке, биринчи айымга жана алардын конокторуна иш козгогон.
Бул ишти жабуу үчүн мамлекет башчысы жеке банктардын биринен 26 миң доллар насыя алган. Ал айыпты төлөгөндөн кийин анын иши жабылат.
Буга чейин Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон жана каржы министри Риши Сунак да коронавирус чектөөлөрүн бузгандыгы үчүн айып пул төлөшкөн.

