super.kg logo

Украинадагы кризистен улам дүйнөдө ачкачылыктын саны 220 миллионго жетет

 

Украина кризисинин натыйжасы болгон тамак-аштын жетишсиздигинен жана азык-түлүк менен жер семирткичтин кымбаттыгынан улам дүйнөдө ачка жана начар тамактангандардын саны 220 миллионго жетиши мүмкүн. Бул тууралуу Бириккен улуттар уюмунун Азык-түлүк жана айыл-чарба уюмунун жетекчисинин орун басары Маурицио Мартинанын билдирүүсүнө таянып, чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

"Кризис башталганга чейин эле дүйнөдө ачка адамдардын саны өсүп, 2021-жылы 53 өлкөдө дээрлик 200 миллионго жеткен. Учурдагы жаңжал ачкачылык менен байланышкан кырдаалды курчутат, биздин алгачкы эсептөөлөрүбүз боюнча, ачка адамдардын саны дагы 18 миллионго көбөйүшү мүмкүн. Бирок көп нерсе андан аркы өнүгүүдөн көз каранды", - деп билдирген Маурицио Мартина.

Ал кошумчалагандай, учурда Украинанын портторунда 6 миллион тонна дан жана дээрлик 14 миллион тонна жүгөрү бар. Бул жүктөр чыгарылбаса дүйнөдө азык-түлүк коопсуздугунун деңгээли жогорулайт. Мындай абалдын кесепети баалардын көтөрүлүшүнө жана жер семирткичтердин тартыштыгына алып келет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: