super.kg logo

Казакстанда 6 адам белгисиз нерсеге ууланып каза болду

 

Казакстанда 6 адам белгисиз нерсеге ууланып каза болду. Бул тууралуу казак басылмалары жазып чыгышты.

"Павлодар облусунан 6 адам белгисиз затка ууланып каза болду. 27-майда саат 22:17де Иртышск айылында 1955-жылы туулган үй ээсинин жана анын 32 жаштагы уулунун жансыз денеси, 28-майда саат 07:15те райондук ооруканадан 1975-жылы туулган айыл тургуну көз жумган. Ошол эле күнү саат 07:24тө 1957-жылы туулган пенсионер үйүнөн көз жумган. Андан кийин дагы эки айыл тургуну көз жумган. Бардык айыл тургундарынан денесинен зордук-зомбулуктун белгилери аныкталган эмес", - деп билдиришкен Павлодар облусунун ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматы.

Казакстандын ИИМнин маалыматы боюнча, бул факты райондук ички иштер бөлүмүндө катталган. Учурда териштирүү иштери жүргүзүлүүдө. Табылган сөөктөр боюнча соттук-медициналык экспертизалар дайындалды. Анын жыйынтыгы боюнча процессуалдык чечим кабыл алынат.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: