Атактуу мушкер Конор Макгрегор UFC'ге кайтуу ниетин билдирди
Ирландиялык UFC мушкери Конор Макгрегор рингге кайтып келүү ниетин билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
“Азыр менин ден соолугум жакшы. Жакында машыгууларымдын интенсивдүүлүгүн акырындык менен жогорулатууга киришем.
Эркин сокку уруп, күрөшө алсам эле дароо рингге кайтам.
Акырындык менен мурунку абалыма кайтып келе жатканыма абдан кубанычтамын.
Мен боксту башынан эле сүйөм. Бирок менин кайтып келишим UFC сегиз бурчтугунун ичинде болору анык. Мен кайтып келем жана рингдин көркүн ачам", - дейт мушкер.
Белгилей кетсек, Конор Макгрегор жайында Дастин Порье менен болгон беттеште жаракат алган. Анда ал биринчи раундда бутун сындырып алып, мушташууну уланта алган эмес.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:55
2025-06-27

17:35
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.