Непалда жүргүнчүлөрү менен дайынсыз болуп жаткан учак табылды
Непалда жүргүнчүлөрү менен дайынсыз болуп жаткан Tara Air учагынын калдыктары табылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Басылмаларда жазылгандай, 29-май күнү эртең менен Tara Air авиакомпаниясынын жүргүнчү учагы абага көтөрүлгөндөн бир нече мүнөт өткөндөн кийин радардан жоголуп кеткен.
Учак Покхара аэропортунан Мустанг районунун административдик борбору Жомсомго учуп бара жаткан.
"Укук коргоо органдарынын кайгуул-күзөт бөлүмдөрү жана жергиликтүү тургундар аба ырайынын ыңгайсыз шарттарына карабастан издөө иштерин улантышкан. Анын натыйжасында учак кулаган жерде 14 кишинин сөөгү табышкан", - деп жазылат маалыматта.
Учакта экипаждын үч мүчөсү жана 19 жүргүнчү болгон. Анын ичинде 13 непалдык, 4 индиялык жана 2 немис жараны болгондугу белгиленди.
