super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров: "Мугалимдерге жакшы шарт түзсөк, балдарыбыздын билим деңгээли жогорулайт"

 

Президент Садыр Жапаров “Кабар” маалымат агенттигине маек куруп, акыркы убакта коомчулуктун көңүл чордонунда болуп жаткан айрым суроолорго жооп берди.

Анда президент журналисттин "Мугалимдердин эмгек акысын болуп көрбөгөндөй көтөрүп салдыңыз. Башка тармактардын эмгек акысын качан көтөрөсүз?" деген суроосуна жооп берип, мугалимдерге жакшы шарт түзсөк, балдардын билим деңгээли жогорулайт деген оюн билдирди.

"Мугалим – мөмөлүү дарак" деп бекер айтылбайт. Ошондуктан биринчи кезекте мугалимдердин жашоо-турмушуна көңүл буралы дедик. Антпесек акыркы убактарда балдарыбыздын билим деңгээли абдан төмөндөп кетти. Мугалимдерибизге жакшы шарттарды түзүп берсек, мугалимдерибиз талыкпастан иштеп, балдарыбызга мүмкүн болушунча жогорку деңгээлде билим беришер деген үмүт.

Ал эми калган тармактардын эмгек акысын 1-октябрдан тартып көтөрөбүз. Кыскасы, бул жылы эмгек акыбыз аз деген теманы жаап, эмдиги жылдан баштап бир гана экономиканы көтөрүү, элдин жыргал жашоосун камсыз кылуу менен алек бололу деген планыбыз бар", - дейт президент Садыр Жапаров.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: