Жоомарт Оторбаев: “2014-жылы алтындын баасынын төмөндөшүнө байланыштуу 1 миллиард сом албай калышыбыз мүмкүн”
Бишкекте бүгүн, 29-ноябрда “Республика” фракциясынын жыйынында биринчи вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев “2014-жылы алтындын баасынын төмөндөшүнө байланыштуу Кыргызстандын казынасына 1 миллиард сомго жакын каражат түшпөй калуусу мүмкүн” деп билдирди.
Автор: Айпери Ганыжан кызы
Анын айтымында, алтындын баасынын төмөндөшү киреше бөлүгүнүн кыскарышынын ири
тобокелдиктеринин бири болуп саналат.
“Өткөн жылы биз алтындын 1 унциясы 1 миң
750 доллар болорун болжолдогонбуз. Учурда бул көрсөткүч 1 миң 240 долларды
түзөт. Быйыл болсо ушул эле сумманы көрсөтүп жатабыз”,- деди Оторбаев.
Ал 2014-жылы казынанын киреше бөлүгү 106,6 миллиард сомго божомолдонуп жатканын белгилеп өттү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:28
2025-07-04
10:40
2025-07-03
Рейтинг:
0

