Сергей Лавров Владимир Путиндин оорусу тууралуу суроого жооп берди
Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров орус президенти Владимир Путиндин ден соолугунун начардыгы тууралуу маалыматты тастыктаган жок. Бул тууралуу ал Франциянын TF1 телеканалына берген маегинде билдирген.
Лавровдун айтымында, орус лидери учурда дээрлик күн сайын эл алдына чыгууда.
"Менин оюмча, акыл-эси соо адамдар андан кандайдыр бир ооруну же оорунун белгилерин көрө албайт. Мен муну мындай ушактарды тараткандардын абийирине тапшырам", - деген Лавров.
Белгилей кетсек, буга чейин Европада орус президенти ооруп жатат, анткени анын баштапкы планы ишке ашпай калды деген маалымат тараган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:35
2025-06-30
11:01
2025-06-30
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.